Транспорт жана жол министрлиги: “Эйр Манас” компаниясы иштебегендиги үчүн билеттер кымбаттабайт”

Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин астындагы  жарандык авиация кызматынын бөлүм башчысы Арзымат Матмуратов “коом press” сайтына билдирди. “Сиздерге маалым болгондой Эйр Манас” компаниясы убактылуу  авиа каттамы токтотту. Алардын учагы азыр техникалык оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу чет өлкөдө. Ал эми компаниянын жетекчилери азыр жаңы “А200” маркасындагы 3 учак сатып алууга  аракет көрүп жатканын айтышты. Эгер учактар келип калса, жарандарыбызга ыңгайлуу болот.  Так айтып коёюн,  “Эйр Манас” качан учуу линясына чыгаары белгисиз. Каттамга бир учак чыкпай калганы жарандарыбыз өлкөнүн туш тарабына учак менен жетет  албай калышат дегенди билдирбейт. Себеби “Тез жет” компаниясы элди тейлеп турат. Ошол эле убакта  учурдан пайдаланып билеттерди эч бир компания кымбататпайт.  Биз дайыма авиа билеттердин өтө кымбаттап кетишине жол бербейбиз, көзөмөлдөп турабыз. Көзөмөлгө жараша алар бааны көтөрө алышпайт. Бирок өтө арзандата албайбыз. Анткени билет саткан компаниялардын баардыгы жеке менчик болуп эсептелинет”-дейт бөлүм башчы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru