Тумандын айынан “Манас” аэропортундагы рейстер кармалууда

Бүгүн, 18-январда, “Манас” аэропортунда Aviatraffic компаниясынын Бишкек – Ош авиарейси токтотулду. Ал бүгүн, эртең мененки саат 06:55те учмак болчу. Андан тышкары, саат 09:00до борбор калаадан Ошко уча турган Tezjet компаниясынын да рейси кармалды.

Ал эми Грозный шаарына уча турган рейстин статусу даярдыгына жараша учат деп турат. Алдын ала билдирүүлөр боюнча бардыгына туман себепкер.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru