Тура калып кол чапкан чет элдиктер: Намазбек Шеркулов Германиядагыларды комуз менен таң калтырган

 Таластык 70 жаштагы Шеркулов Намазбек аксакал бала кезинен бери комузчулук өнөрдү аркалап келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айтылуу комузчу Шекербек Шеркуловдун небереси.

«Мен Талас районунун Көк-Токой айылында жарык дүйнөгө келгем. Комузду 10 жашымда кармагам. Алгач атам Камчыбек атамдан үйрөнгөм. 11 жашымда майда күүлөрдү чертип баштагам. 12 жашка чыкканда чоң атам Шекербек жанына алып, үйрөтүп жүрдү. Чоң атам 1962-1963-жылдары Фрунзеден Талас шаарына көчүп келген. Ошондо менде чоң мүмкүнчүлүк жаралып, чоң атамдын шакирти, кичинекей болсом да колуна кол, бутуна бут болуп жүрдүм. 8-классымда залкар күүлөрдү чертип калгам. Чоң атам Шекербек бардык залкар комузчулардын күүлөрүн жогорку деңгээлде аткарчу. Анан менден да ошону талап кылчу. Дайыма жанында балта-чоту бирге жүрөр эле. Комуз чапкан өнөрү да бар эле. Колу бошоду дегенче өрүктөн комуз чапчу. Ал чапкан комуздардын көбү залкар комузчуларга, өзүнүн шакирттерине белекке кетип, азыркыга чейин сары майдай сактап отургандар бар. Кечинде олтуруп калганда эле, «Балам комузуңду ал. Бүгүн кайсы күүнү үйрөнгүң келип жатат?» деп тандатып калар эле. 2-3 күү чертип берчү. Менен арасынан бул күү жакты деп тандап, анан үйрөтөт эле. Айрыкча мага Токтогул, Кара Молдо, Ниязалы аталарыбыздын күүлөрү аябай таасир берчү. Күүнү жаттоо аябай кыйын болчу. Жалкоо болуп, балалыкка салып, эртең деген сөз менен эркелегенге уруксат берчү эмес. «Балам бул ишке өжөрлүк жана эмгек керек» дечү. Мен качан чоң атамдай комуз чертип калам, ушундай үйрөнсөм эле эң бактылуу адам болот элем деп, балалык кыял менен тыңшап, ичимден эңсеп отурчумун. Ал киши комуз черткенде ар бир кайрыгы көзгө урунуп турар эле. Башкалар айлык алганда атайын чогулуп келип, атамдын күүсүн угуп, аябай көпкө суранып черттирип, андан соң сыйлайбыз деп жөнөшөт эле. Мен жанында ар дайым ээрчип жүрөм. Ресторанга алып барып аябай сыйлашат эле. Ошол учурда эл комуздун үнүн, маданиятты сыйлаган экен деп ойлоп коем.

1972-жылы кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер бөлүмүнө тапшыргам. 1977-жылы немис тил мугалими адистигин алып чыктым. 1977-жылы И.Раззаков атындагы политехникалык институтунда атайын Германияга кете турган топ бар экен. Мени ошол топко тилмеч кылып дайындап, Германияга жөнөтүшкөн. Ал жакта Берлинде бир топ убакыт иштедим. Ал жакта жумуш бүтүп, кечинде бош болуп калып жаттым. Анан комузумду алып чыгып, күү чертип эргүү алам.

Бир жолу мейманканада барган жерибизде чоң кызматта иштеген адам экен, комуз чертип жатканымда угуп калыптыр. Эртеси атайын комузумду алдырып, көп элдин астында чертип берүүмдү суранган эле. Ошондо ал жактагыларга кыргыздын күүсүн даңктап, чоң атам Шекербек Шеркуловдун «Жаштарга» аттуу күүсүн чертип бергем. Аябай жактырышып, туруп кол чабышкан. Ушундай 3 кылдан эле туруп, уккулуктуу аспап деп таң калгандары болгон.

Мен комуз боюнча да билимим бар. Нурак Абдырахмановдун атайы 2 жылдык окуусун аяктагам. Комуз боюнча бир нече жолу республикалык сынактарда баш байгеге ээ болгом. Алардын бири 2011-жылы Ысык-Көлдө өткөн Ниязалы Борошев деген атактуу комузчунун 150 жылдык мааракесинде 27 комузчунун арасында 1-орунду алдым. Агартууда ардагер мугалим, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти», «Кыргыз маданиятынын мыкты кызматкери» болдум», – деди ал.

Комузчу аксакал жубайы экөө 1 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Булак:Turmush

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru