Турсунбай Бакир уулу: “Ахматбек Келдибеков төрага болуп турганда Жогорку Кеңеш көз карандысыз болчу”

  Ар бир адамды сындасак жаман жагы чыга берет. Анткен менен жакшы жагын дагы көрө билүүбүз керек. Маселен, “Азаттык” партиясынан парламенттик шайлоого катышып жаткан Ахматбек Келдибеков туурасында пикиримди мындайча билдирем. Мен ал инсандын жакшы жактарын билем. Келдибеков күчтүү саясатчы, финансист. 5-чакырлышта чогуу депутат болгонбуз.

Ахматбек Келдибекович Жогорку Кеӊеште спикер болуп турганда чыныгы парламенттик башкаруу болгон.  Президент, Өкмөттөн көз карандысыз болчу. Жогорку Кеңеш чечимдерди өткөрүп, ал чечимдердин аткарылышына  талап койоор эле. Төрага катары калыс болчу, депутаттын бирөөсүнө сөз берип, экинчисине сөз бербей койгон эмес. Депутаттардын баарына бирдей мамиле жасачу.

Бүгүнкү күндө ак үйдө азан айтылып, намаз окулупу жатканын, биринчи мечиттин ачылышына Келдибековдун түздөн түз таасири бар. Ак үйгө мечит ачуу боюнча бир ооз демилге көтөрсөм эле мени колдоп, Кыргызстандын тарыхында ак үйдүн ичиндеги мечитти ачканбыз. Анын колдоосу болбосо мечит ачылбайт эле.

Изготовитель: «Koom.press», проспект Манаса №64. Заказчик: ПП «Демократическая партия «Азаттык» (Видео) Изготовлено: « 24 ноября 2021 года. Оплачено из избирательного фонда Политической партии «Демократическая партия «Азаттык» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Токтосуновой Гулирой Базаровной (регистрационное свидетельство №34 от 03.09.2021 года).

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru