Турсунбай Бакир уулу дагы наристелүү болду
Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу 62 жашында кыздуу болуп коомчулукка өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.
-Эки жыл мурда жазылган ушул постумду жаңылаганы мажубурмун, себеп – бүгүн, бир саат мурда дагы бир кыздуу болдум. Ошентип, Кудайга шүгүр, алтынчы кызым төрөлдү! Эми толук комплект болду: 6 уул жана 6 кыз! Аскерде кызмат өтөп жатканымда 13 балалуу болууну Аллахымдан сураган элем. Эгер Аллахым насип этпесе жетимдер үйүнөн балдарды багып алайын деп кыялданган элем. Аллахыма чексиз мактоолор болсун, сураганымды берип жатат”-дейт ал. Бешик боосу бекем болуп, наристе кыздын бактысы бийик болсун!!