Турсунбек Акун буга чейин мындай күчтүү Конституция жазылбаганын айтты

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жаңы Конституциянын долбоорун колдойт. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйынында билдирди.

Акун эми президент өзү өкмөттүн башында болот деди.

«Долбоорду изилдеп чыктым, ал күчтүү президент жана күчтүү парламентке алып келет деп ойлойм. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекет башчы аткаруу бийлиги болот деген сунуш киргизилди. Бул чоң жоопкерчилик. Эч бир президент мындай кылган эмес. Демек, эгемендүүлүк жылдарында бизде 33 премьер-министр болгон. Парламент премьер-министрди мынчалык көп алмаштыра албайт. Президент өзү өкмөттүн башында болот», – деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.