Тышкы иштер министрлиги БАЭден кыргызстандыктарды алып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө

 Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарынын авиация башкармалыгы менен кыргыз жарандарын мекенине алып келүү үчүн 26-апрелде “Дубай-Бишкек” маршруту менен чартердик каттамды уюштуруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул туурасында аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык , аталган маселе КРнын президентинин кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча тапшырмасынын алкагында чечилүүдө.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы аба каттамдар коронавирустан улам убактылуу токтотулган. Ошол эле учурда КРнын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын БАЭден 3 жана 5-майда мекенине алып келүү үчүн кошумча каттамдарды уюштуруу боюнча алдын ала макулдашууга жетишкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru