Тышкы иштер министрлиги жүк ташуудагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

Тышкы иштер министрлиги жүк ташуудагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытай тарап менен «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташууда тоскоолдуктарды жоюу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Бажы кызматынын борбордук кеңсесинде бизнес коомчулугу менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы экономикалык иштин катышуучулары актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. «Дордой» Соода-рыноктук комплексинин бириккен профсоюзунун төрагасы Дамира Дөлөталиева ишкерлер чөйрөсүнүн Кытайдагы жүктөрдүн кечигип жаткандыгына байланыштуу нааразычылыктарын айтып, маселени жеринде чечүү үчүн жумушчу комиссия түзүүнү сунуштады, анын курамына тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучулары дагы, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар кирет. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев бажы органдарынын жетекчилерине көйгөйлөрдү тез арада чечүүнү тапшырды. «Жолугушуунун жыйынтыгында Кытай тарап менен Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Кытайдан «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттары аркылуу товарларды ташууда тоскоолдуктарды жоюу чечими кабыл алынды», – деп жыйынтыкталат маалыматта. Буга чейин базарлар ассоциациясынын президенти Дамира Дөлөталиева ишкерлер мөөнөтсүз нааразычылык акциясына чыгып, бийлик чек ара маселесин чечпесе, 2020-жылдын 1-ноябрынан тарта Социалдык фондго салыктарды жана төгүмдөрдү төлөөнү токтотууга даяр экендигин билдирген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru