Учурда өлкөдө 1 миң 592 киши обсервацияда жатат
Учурда өлкөдө 1 миң 592 киши обсервацияда жатат Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, оору чыккандан бери өлкөдө коронавируска 8 миң 186 текшерүү, бир күн ичинде 776 текшерүү жүргүзүлгөн.
“Өлкө боюнча ушул убакка чейин 5 миң 638 адам обсервацияга алынган. Алардын ичинин 3 миң 870 адам үй карантинине чыгарылган. Учурда обсервацияда 1 миң 592 киши жатат”, – деди ал.
Булак: Кабар агенттиги