1 килограмдан ашык баңги затын сатууга аракет кылып жаткан жаран кармалды-(ВИДЕО)

2021-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, Ош облусунун Кара-Суу районунда Кыргыз Республикасынын жараны «З.М.М». кармалды.
Кармалган адамдын жашаган жери боюнча тинтүү иш-чараларын жүрүшүндө, КР ЭФМ Мамлекеттик бажы кызматынын кинологдорунун жардамы менен, жалпы салмагы 1 кг ашык болгон кара куурай түрүндөгү (гашиш) баңги заты табылып алынды.
Кармалган «З.М.М» КР УКМК Ош шаардык жана Ош областык башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тийешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.