УКМК: Баткен обладминистрациясынын аппарат жетекчисинен кош жарандуулук аныкталды

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчисинен кош жарандуулук аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Алихан Ураимовдо Кыргызстан жана Россиянын кош жарандуулугу бар экендиги боюнча маалымат келип түшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Ураимовдо 2021-жылдын 11-январында Россиянын жарандыгынан чыгууга уруксат берилгендиги тууралуу РФ Ош шаарындагы Башкы консулдугунун маалымкатынын көчүрмөсүн берүүгө аргасыз болгон.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын апрель айында Ураимовдо КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилген, ошол учурда Ураимовдо өзүнүн жеке маалыматтарында РФ жарандыгы бар экенин жашырган.

“КРнын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” мыйзамдын 17 жана 18-беренелерине ылайык, мамлекеттик сырды билүүдөн баш тартуу жана токтотуу үчүн кош жарандуулуктун же башка жарандыктын болушу негиз болуп саналат, ушул жылдын 26-апрелинде УКМК тарабынан мамлекеттик сырды билүү мүмкүнчүлүгү У.А.У. чакыртып алынган, бул тууралуу кийин ээлеген кызматынан бошотуу үчүн КР Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө билдирүү жөнөтүлгөн.

Ошону менен бирге УКМК “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамынын 15-беренесине ылайык, башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматта боло албай турганын эскертет. Чет мамлекеттин жарандыгынын фактысын жашыруу анын андан аркы кызматын токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru