УКМК: Билим берүү тармагынан 30 миллион сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы атайын билдирүү таратты:

“2011-2018-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринин өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алып, лифт агрегаттарын даярдоо, жылуулук жана электр энергиясын эсептөө приборлорун техникалык тейлөө жана текшерүү боюнча кызматтарды сатып алууну жана ошондой эле ысык жана муздак сууну сынаксыз жана тийиштүү тендерсиз, ишке ашырышканы аныкталган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, муниципалитетке 30 миллион сомго жакын зыян келтирген. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru