УКМК: эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды (СҮРӨТ)

Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны Е.В.В. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшкөн.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө анын жанынан Макаров тапанчасы, төрт даана бычак, эки даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, жети даана банк карталары, террористтик мазмундагы видео-аудиофайлдар табылган.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru