УКМК: «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү болгон Кыргызстандын эки жараны – 27 жаштагы К.Э.М., 25 жаштагы Ш О.у. жана коңшу мамлекеттин жараны 34 жаштагы Ю.Р.О. кармалган.

«Жашаган жерин тинтүүдө диний китептер, аудио жана видео аппаратуралар табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү», – деп кошумчаланат маалыматта.

Бул факт боюнча материалдар КР Кылмыш кодексинин 313-берене (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) жана 315-беренелери (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Учурда кармалган адамдар УКМК Тергөө абагына камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru