УКМК Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш ишин токтотту

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК мурда билдиргендей, 2021-жылдын 18-февралында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып жана аны камакка алуу түрүндө ага карата баш коргоо чарасы каралган.

Белгилей кетсек, Бул сотко чейинки өндүрүштү баштоого Интернетте кеңири тараган Р.Матраимовдун Дубай Эмиратында кымбат мүлкү бар экендиги боюнча “Азаттык Медиа” мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгон.

Бул иштеги чындыкты аныктоо максатында, Р.Матаримовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлктөрүнүн болушу жөнүндө тергөө тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын, Кытайдын, Түркиянын жана ошондой эле Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тийешелүү өтүнүчтөр жөнөтүлгөн.
Бирок, аталган мамлекеттердин компетенттүү органдарынын расмий документтерине ылайык, Р.Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыкты.

Мындан улам, журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталган жок жана тергөөгө далилдер тапкан эмес, андан сырткары Р.Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ар кандай кыймылсыз мүлктү сатып алуу фактыларын тастыкталган эмес.

Буга байланыштуу, жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, Р.Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды.
Ошол эле учурда, Р.Матраимов өз ыктыяры менен баасы 20 млн сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 м2 квартирасын мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.