народный

УКМК соцтармактардагы чакырыктарга байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөгө, ушактарга ишенбөөгө чакырат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бүгүн, 14-октябрда учурдагы коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу элге кайрылды.

Анда УКМК чагымчыл чыкырыктар боюнча билдирүү жасап, өлкөдөгү интернет желелеринде кырдаалды туруксуз кылуу боюнча ар кандай чакырыктар тарап жатканы айтылат.

“Буга байланыштуу элди ар кандай кептерге ишенбөөгө, дүрбөлөңгө түшпөөгө жана өлкөдөгү кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүн болгон ар кандай ушактарга ишенбөөгө чакырабыз”,- деп жазылат билдирүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru