УКМК: Сокулуктун үч милиционери кармалды-(ФОТО)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүйдүн Сокулук райондук милиция кызматкерлерин пара талап кылган деген шек менен колго түшүрдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, милиция кызматкерлери кылмыш ишин шектүүнүн пайдасына чечип бермей болушкан.

“Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары А.А.К., тергөөчү И.А.А. жана райондук ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.М. өз ара макулдашып алып сотко чейинки өндүрүштү оң тарапка чечип беребиз деп акча талап кылышкан”, — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте иш жүргүзгөн. Натыйжада 1000 доллар өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Сокулук РИИБдин полковник, капитан жана ага лейтенант кызматкерлери аныкталган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында милиционерлер УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.