народный

Украинадагы согушту интернетте активдүү жайылткан кыргызстандык аныкталды (Видео)

Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдар активдүү жарыяланган социалдык тармагындагы баракчасы аныкталып, аны ачкан кыргыз жараны аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул факт Кыргыз Республикасынын УКМК контрчалгындоо иштеринин жүрүшүндө ыкчам материалдардын, ошондой эле социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү иштеринин натыйжасында аныкталган.
Көрсөтүлгөн аккаунттун ээси Кыргыз Республикасынын К.у.А. аттуу жараны экендиги такталган.
Ошол эле учурда ыкчам маалыматтар боюнча ал 2021-жылдын декабрында Украинанын аймагына эмгек миграциясына кеткен.

Азыркы учурда, алынган материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын алкагында К.у.А Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышка катышуу фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru