Улукбек Марипов аткаруу бийлигиндеги кеңешчилердин жана жардамчылардын санын кыскартты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов аткаруу бийлигиндеги кеңешчилердин жана жардамчылардын санын кыскартты. Бул тууралуу токтомго 7-июлда кол коюлган.

“Жетекчинин эки кеңешчисинин жана эки жардамчысынын кызмат орду каралган Экономика жана финансы министрлигинен тышкары, Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, өзгөчө статусу бар мамлекеттик бийлик органдарында жана борбордук органдарында жетекчинин бир кеңешчисинин жана бир жардамчысынын кызмат орду каралат. Министрлер кабинетине караштуу администрациялык ведомстволордо жетекчинин бир жардамчысынын кызмат орду каралат. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет”, – деп жазылат токтомдо.

Leave A Reply

Your email address will not be published.