Улуттук банк башка банктардын кредит саясатына аралаша албайт
Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев бүгүн улуттук банктын Төрагасынын орун басары Айнура Тезекбаевадан “коронавируска байланыштуу кредиттерди токтотуп турууга мүмкүнчүлүк барбы?”-деп сурады.
Өз кезегинде Айнура Тезекбаева “Биз жөн гана сунуш бере алабыз. Улуттук банк банктардын ички кредит саясатына аралаша албайт. Башка банктарга кредиттерди токтот жана таптакыр алба деп айтууга болбойт”-деди.