Улуттук банк бир жумада 30,2 миллион доллар сатты

Акыркы бир жуманын ичинде Кыргызстандын Улуттук банкы доллар сатуу боюнча интервенцияларды жүргүзүп келди. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайты жарыялады.

Белгилей кетсек, 16-ноябрда Улуттук банк 21,4 миллион доллар саткан. Эртеси күнү дагы 500 миң долларлык интервенция менен валюта базарына чыкты. 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  кайрадан 1,3 млн доллар сатты. 19-ноябрда сомду колдоо үчүн 3 миллион доллар, 20-ноябрда 2 миллион 50 миң доллар сатылды.

Беш күндүн ичинде Улуттук банк валюта базарында 30 миллион 250 миң доллар сатты.

Жалпысынан ноябрь айынын башынан бери жалпы суммасы 57 миллион 50 миң долларга алты интервенция жасалды.

Экинчи айда доллар “бороон-чапкын” болуп жатат. Өткөн жуманын башында ал кайрадан кескин өсө баштады, эки күндүн ичинде 2,5 сомго кымбаттады. Кийинчерээк валюта курсу бир аз стабилдешкен, бирок кайра 84,9 сомго көтөрүлдү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru