Улуттук банк интервенция жасоо үчүн канча миллион сарптаганы белгилүү болду

Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун курсун колдоо максатында кезектеги интервенцияны ишке ашырды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органынын сайтында маалымдалды. Белгиленгендей, бүтүм түзүлгөн күнгө карата эсептешүүлөр менен 8,5 миллион доллар жана бүтүм жасалган күндөн тарта 33,9 миллион доллар сатылган. Ошентип, Улуттук банк 42,4 миллион доллар сатты. Аптанын башында Кыргызстанда АКШ валютасынын курсу 82 сомго чейин көтөрүлдү. 2020-жылдын башынан бери бул Улуттук банктын 15-интервенциясы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru