Улуттук банк насыялар боюнча чечим кабыл алды

Улуттук банк коронавирус көйгөйүнө байланыштуу бизнести колдоо максатында банктарга жана финансы-кредит уюмдарына карызга акча алган жарандардын төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кеминде үч айга узартуу талабын койду.

Улуттук банк 18-мартта кабыл алган токтомунда финансы уюмдарына карата мындан башка дагы бир катар талаптар тизмектелген:

Кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынат;

Берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кеминде үч айга узартуу сунушталат;

Кредиттик келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, анын ичинде реструктуризациялоодо, ишкердин ишине коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алууга байланыштуу киргизилген чектөөлөр таасирин тийгизген карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүүдө кредиттерди классификациялоо категориясын начарлатпоого уруксат берилет.

Булак, Спутник Кыргызстан

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru