народный

Улуттук банк SWIFT төлөм тутумунун ишин толугу менен калыбына келтирди

Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу Улуттук банк чек арадагы байланыш каналдарына чектөө коюу жөнүндө Финансылык жөнгө салуучу кеңештин токтомун жараксыз деп табуу чечимин кабыл алды. Бүгүн, 21-октябрда, коммерциялык банктар жеке адамдардын акча которуу тутумдары аркылуу эсеп ачуусуз акча которууларды, улуттук жана эл аралык төлөм тутумдары, анын ичинде SWIFT тутуму жана альтернативдик байланыш каналдары аркылуу эч кандай чектөөсүз которуу операцияларын жана төлөмдөрүн жүргүзүүнү улантышат. Которуу жана төлөө операцияларын жүргүзүүдө коммерциялык банктар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын талаптарын сакташат. «Банктык кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде улуттук жана эл аралык тутумдарда төлөмдөрдү жүргүзүүгө байланыштуу маселелер боюнча, сиз туруктуу режимде иштеген коммерциялык банктарга кайрылыңыз», – деп айтылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru