Улуттук госпиталда COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн дагы 300 керебет коюлат

Улуттук госпиталда COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн дагы 300 керебет  коюлат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка  караганда, урология борборунун мурунку имаратында оңдоо иштери жүрүп жатат.

«Оңдоо иштери 5-ноябрда башталып, 10-декабрда аяктайт. Оңдоп-түзөө иштерине мамлекеттик бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөн, медициналык жабдыктарга ушул эле сумманы Саламаттыкты сактоо министрлиги бөлөт », – деди оорукананын башкы дарыгери Токтобай Маанаев.

Бөлүм Саламаттыкты сактоо министрлиги эпидемиологиялык кырдаалда бейтаптардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу төрт жылдан бери иштебей жаткан бөлүмдү оңдоо демилгесин көтөрүп чыккандыгын белгиледи.

Учурда Улуттук госпиталда бейтаптар үчүн 200 керебет  бар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru