Улуттук онкология жана гематология борбору бейтаптарды кабыл алууну убактылуу токтотту

Улуттук онкология жана гематология борбору бейтаптарды оорукананын негизги бөлүмдөрүнө жаткырууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, №1, 2, 3, 4, 5, 9, 10, 11 бөлүмдөрү, ошондой эле чоңдордун гематологиясы жана онкологиясы, анестезиология жана реаниматологиясы COVID-19 бейтаптарынын жана кызматкерлеринин ооруп жаткандыгына байланыштуу карантинге алынды. Бирок, тез жардам менен ооруканага жаткыруу кадимкидей эле жүргүзүлөт. «Бөлүмдө химиотерапия алган бейтаптар дарылануунун уланта беришет. Бизге жаңы келип түшкөн бейтаптарды амбулатордук негизде химиотерапия алган бейтаптар дарыланган поликлиникадан кабыл алып жатабыз. Оор абалдагы бейтаптар кайрыла элек, алар атайын бөлүмдөргө жаткырылат», – деди Улуттук билим берүү жана изилдөө борборунун директорунун милдетин аткаруучу Бактыгүл Султангазиева. Балдарды амбулаториялык кабыл алуу үчүн № 4 имараттын бөлүгү, жаңы кабыл алынган балдар үчүн № 12 бөлүмдүн бөлүгү, онкогематология бөлүмүндө, экинчи кабаты тез жардам менен ооруканага жаткыруу үчүн бөлүнгөн. Улуттук онкология жана гематология борбору штаттык режимде иштеп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru