Улуттук тарых музейинде кезек күткөндөрдүн саны күндөн-күнгө көбөйүүдө – (ФОТО)

Кары-жаш дебей катарга тизилип музейге ашыккан элдин саны бүгүн да көп. Музейге болгон саякат алгач эле документалдык кино көрүү менен башталат. Тасма көрүү залы биринчи кабатта жайгашкан.


“Элибиздин музейге болгон сагынычы күчөп калган экен. Күндөн-күнгө келгендердин саны өсүп бизди да кубантып жатат. Азыркы учурда Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган телефильм көрсөтүлүп жатат. Андан тышкары күнүнө көркөм фильм да көрсөтүлүүдө. Фильмдин көрсөтүүнүн негизги максаты-видео аркылуу көрүүчүгө тарыхты жеткирүү ”- дейт музейдин кызматкери.

Саякаттын кийинки этабы экинчи кабатта жайгашкан байыркы таш доорундагы экспонаттар, тарыхый архелогиялык табылгалар. Алардын катарында адам баласынын алгачкы жашоо турмушун чагылдырып турган буюм-тайымдар да бар. Музейдин ачылышы менен мектеп окуучулары байма-бай келип, ал тургай алты жаштагы өспүрүмдөр да музейди түрө кыдырууда.

“Биз “INTELLECT SCHOOL” жеке мектебинин жетекчилиги тарабынан даярдоо классынан баштап, 6-класска чейинки окуучуларыбызды музейге алып келүү демилгеси көртөрүлгөн. Ошонун негизинде бүгүн 6 жаштагы окуучуларыбыз менен келгенбиз. Мындай иш аракеттер тарыхыбызды жаш муунга таанытуу, ошондой эле, эли-жерине болгон сүйүүсүн ойготуу максатында ишке ашырылууда. Балдар үчүн абдан кызыктуу болуп жатат. Музейдин ичиндеги ар бир буюмдун тарыхын сурашууда. Музейдин ачылганы жакшы болду, анткени, батыш өлкөлөрдүн түшүнүгү бизди курчап бара жатканда бизге тарыхты эстетет”- деди мектептин мугалими Токсобаева Махабат.

Ошондой эле, балдарын жетелеп келип тарыхты үйрөтүп ата-бабалардын баскан жолун көрсөтүп, айтып берип жүргөн ата-энелерди да көрүүгө болот.

“Музейге келүү бүгүн буйруптур. Балам менен кызымды жетелеп тарыхыбызга кайрылып, ата-бабаларыбыздын өткөн жолун айтып берип жатам. Балдарыма абдан кызык болууда. Улам бир нерсени сурап, кайра башкасын сурап жатат. Коюулган экспонаттар тууралуу колуман келишинче айтып берүүдөмүн. Биз балдарыбызга тарыхты, санжырабызды айтып берип, аларды патриоттулукка үйрөтүшүбүз керек. Ошондо гана өлкөсү үчүн күйүп-бышкан келечекти тарбиялай алабыз. Башка ата-энелер да балдарын алып келүүсүн сунуштайт элем. Беш жылдан бери күттүргөн музейге элдин да көп келгени мени кубантып жатат” – дейт шаар тургуну Адилет Идирисов.

Эске салсак, беш жылдан бери жабык турган Улуттук тарых музейи 19-ноябрда салтанаттуу түрдө ачылган. Жарандар 20-ноябрдан баштап музейди көрүүгө бара башташкан. Ошондой эле, алгачкы он күндө кирүү акысыз экенин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru