Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 100 жылдык маарекесин белгиледи

Кара-Балта шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Борисова Матрёна Максимовнаны 100 жылдык мааракеси менен куттукташты. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.

 Бүгүн, 9-ноябрда  Борисованын алтын маарекеси  белгиленди. Аны Жайыл районунун акимиатынын , Кара-Балта шаарынын мэриясынын, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү куттукташты.

Матрёна Максимовнаны кызы Нина Филиппованын айтымында, апасы Волгоград облусунун Рудня айылында туулган. Ал Волгоградда билим алып, кийин бала бакчада тарбиячы болуп иштеген.

1942-жылы өз ыктыярдуу менен фронтко чакырылган. Матрёна Борисова эки фронтто – Закавказье жана Ыраакы Чыгышта кызмат өтөп, ал жерде зениттик аткыч болгон. Согуш жылдарында “Германияны жеңгендиги үчүн 1941-1945”, “Японияны жеңгендиги үчүн” ордендери жана Кавказдагы согушка катышкандыгы үчүн медалдар менен сыйланган.

Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин М.Борисова Ташкент шаарында болочок жолдошу менен таанышып, ошол жерде баш кошкон. Жолдошу укук коргоо органдарында иштеген. Андан кийин тун кызы төрөлгөндө Тажикстанга көчүп кетишкен. Ал эми 1953-жылы жубайлар Кыргызстанга келишкен. Матрёна Максимовнанын 2 баласы бар.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru