народный

Улуу Британия Путиндин мурдагы жубайына каршы санкция киргизди

Улуу Британия Орусиянын президенти Владимир Путиндин каржы тармагын, анын ичинде анын жакын чөйрөсүндөгү адамдарга санкцияларды киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жаңы санкциялар орус президентинин мурдагы жубайы Людмила Очеретнаяга, эки тууганы – Игорь менен Роман Путинге, башка туугандарына жана президенттин досторуна тиешелүү болору белгиленген. Ошондой эле, Алина Кабаева жана анын чоң энеси Анна Зацепилина да санкцияга кабылышкан.

Жаңы санкцияларга активдерди тоңдуруу, Улуу Британияга кирүүгө тыюу салуу жана аталган өлкөдө саякаттоого чектөөлөр кирет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru