Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон ооруканага жаткырылды

Коронавирус жуктуруп үйүндө өзүн-өзү изолияциялоодо жаткан Улуу Британиянын премьер-министри  Борис Джонсон ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өкмөт башчысынын  канцеляриясынын билдирүүсүн чет элдик басылмалар жазып чыкты.

«Дарыгеринин кеңеши боюнча премьер-министр 6-апрелге караган түнү анализдерди тапшыруу үчүн ооруканага жаткырылды. Бул алдын ала сактануу үчүн жасалды», деп айтылган билдирүүдө. Тест оң натыйжа бергенден кийинки он күндүн ичинде премьерде коронавирустун симптомдору сакталууда.

Борис Джонсондун өпкөсүнө жасалма желдетүү  ишке ашырылаары кошумчаланат маалыматта.

Белгилей кетсек, 27- мартта Борис Джонсон коронавирус жуктурду деп маалымат тараган.

23-мартта Джонсон өлкөдө жалпы карантин жарыялаган. Британиялыктарга көчөгө чыгууга уруксаат эң зарыл учурларда гана берилет. Өлкөдө экиден ашык киши топтолууга тыюу салынган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru