Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсондун абалы оордоп реанимация бөлүмүнө которулду
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсондун, коронавирустун айынан абалы оордоп кеткендигине байланыштуу, аны Лондондун Сент-Томас ооруканасынын реанимация бөлүмүнө которушту. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Коронавирус инфекциясы менен жабырланганына 10 күн болгон 55 жаштагы Джонсон жекшемби күнү Лондондун Сент-Томас ооруканасына жаткырылган болчу.
«Бүгүн түштөн кийин премьер-министрдин абалы оордоп кеткендигине байланыштуу, аны дарылап атышкан врачтардын кеңеши менен, ал оорукананын ренимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулду», — деп айтылган маалыматта.
Джонсондун өтүнүчү менен «эгер зарылчылык болсо» анын премьердик постун тышкы иштер министри Доминик Рааб ээлеп турат, деп билдирди премьердин пресс-катчысы.