Улуу Британиянын премьер-министри ооруканадан чыгарылды
Коронавирус илдетин жуктуруп алган Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон ооруканадан чыгарылды. Ал мындан ары дарылануусун резиденцияда улантат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Дарыгерлер Борис Жонсонго ден соолугу калыбына келгенче иштебей турууну сунушташкан.
“Премьер-министр дарыланып чыккан оорукананын кызматкерлерине ыраазычылык билдирерин айтты”-деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Борис Жонсон 27-мартта коронавирус менен ооруп жатканы маалым болуп, ал өзүнүн резиденциясында изоляцияда жаткан. Кийинчерээк анын дене табы жогору болуп, жөтөлү кетпей жаткандыктан, Жонсонду дарылап жаткан дарыгердин сунушу менен ооруканага жаткырылган.