Унаа Меркел резиденциясынын тосмосун сүзүп алды

Унаа Берлиндеги Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелдин департаментинин дарбазасына урунганын Reuters агенттиги күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Азыр полиция унааны текшерип жатат, окуя болгон жерге эки тез жардам кызматы келди.

Жарыяланган сүрөттө көрүнүп тургандай, автоунаада “Ааламдашуу саясатын токтотуу” жана “Силер балдардын жана кары-картаңдардын каргышка калган канкорлорусуңар” деген сөздөр жазылган.

Окуянын башка маалыматтары берилген жок.

Эске сала кетсек, 26-июлда Берлин шаарында унаа элди сүзүп, кеминде жети адам жаракат алган. Окуя Харденбергплатцтын жанындагы Шарлоттенбург аймагында болгон. Шектенген адам кармалып,  бирок анын саясий же диний себептерден улам иш-аракет кылгандыгы боюнча эч кандай далилдер жок экендиги белгиленген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.