Унаасына жасалма уруксат кагаз чаптаган жаран кармалды

Чүй областынын  Аламедин районундагы “Киргшелк”  айыл аймагынын  49 жаштагы тургуну Х.А унаасына жасалма пропуск чаптап алганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Аламедин райондук  ШИИБи билдирди:

“«Тойота-Чейзер» үлгүсүндөгү унааны жол кыймылынын кызматкерлери текшерүүгө алышканда андагы тагылган уруксат кагаз жасалма болуп чыккан. Жеринен кызматкерлер чакырылып иш тергөөгө өттү. Ал эми унаа айып аянтына токтотулду”-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, учурда өлкө аймагында коменданттык саат жүрүүдө

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru