“Урушуп кеткен”. Ташиев Текебаевге кол салуу боюнча үн катты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча пикирин билдирди.

Ал саясатчыга кол салуу болбогонун, кимдир бирөөлөр Текебаев менен урушуп кеткенин билдирген.

“Текебаевге кол салынган эмес, аны менен кимдир бирөөлөр урушуп кеткен. Ал жерде атайын келип кол салып, кандайдыр бир каршылык көрсөткөн эмес. Азыр Ички иштер министрлиги иликтеп жатат. Текебаевге кол көтөргөндүгү боюнча бир киши кармалды, бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылат. Биздин өлкөдө эч кимге кол салууга жол бербешибиз керек”, – деди Ташиев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru