народный

Уулун бычактаган сот Анарбек Мамбеталиев кайсыл жердин кулуну болгон?

Бул тууралуу «Дело №» гезити жазып, иликтеп чыккан. Гезиттин маалыматына таянсак  «Аялын, уулун бычактап артынан өзү асынып өлгөн» сот кызматкери  Анарбек Мамбеталиев Ленин райондук сотунда  бир нече жыл кызмат кылган. Дал ошол каргаша болгон күнү 5-мартта  соттордун майрамы болуп, ичимдик ичип “эч ким куттуктабай” койгонуна ызаланып, жубайы менен уруш чыгарган. Жыйынтыгында аялын бычактап, уулун да өлтүрүп, өзү электр ток чайнектин шнуру менен жуунучу бөлмөгө асынып калган.

Анарбек Мамбеталиев Токтогул районунда 1961-жылы туулуп, ошол жактан мектепти бүткөн. Анын айрым мурдагы кесиптештеринин айтымына караганда ал өзүнүн карьерасын өзү түзгөн киши. Ал эми кээ бир маалыматтарга таянсак ал  кызматтан көтөрүлүү үчүн Токтогул районундагы райком партиянын биринчи секратарынын кызына үйлөнгөн.  Жубайы менен он жыл мурун ажырашып,  азыркы өзү бычактап өлтүргөн аялга, кабылдамасында олтурган катчы кызына баш кошкон. Каза болгон аялдын мурдагы жолдошунан эки баласы, 20 жаштагы кызы, 15 жаштагы уулу болгон. Ал эми 9 жаштагы (учурда бычакталып ооруканада жаткан өспүрүм) өзүнүн уулу болгон. Ал жубайы менен да туруктуу жашабай, улам урушуп ажырашып элдешип, досторунун жана жатаканада жашаган эжесинин үйүндө күн кечирип жаткан.  

Ал карьералык жумушун  Ленин райондук сотунан баштап, Биринчи май, Октябрь райондук соттордо иштеген.  2014-жылы Анарбек Мамбеталиев унаанын дөңгөлөгүн уурдап кармалган төрт жаранды коё берип жиберген.  Бул жөн калбай чыр уланып, Бишкек ШИИБи расмий билдирүү таратып “баш коргоо чарасы каралып жаткан шектүүлөрдүн сот тарабынан коё берилип жиберилиши туура эмес”–деп айтып чыккан.

Анын акыркы соттук кароосу ошол убактагы депутат Ош областындагы  учук оорулуулардын ооруканасынан акча жеп алды деп күнөөлөнүп жаткан Урмат Аманбаеванын ишин караган.  Соттук иш жүрүп жатканда адаттагы көрүнүш мамлекетти коргоого алып жаткандарды эмес, күнөөлөнүп жаткандарды коргоп чыккан. Андан соң дээрлик алты ай бою убакытты созуп, түркүн шылтоолорду айтып ишти карап, процесске чыкпай койгон. Кийин кандайдыр бир себептер менен кызматынан кеткен. Бирок кайра бир нече жолу ишке орношууга аракет кылганы менен, кызматка келе алган эмес.

Маркум сот Бишкек шаарында жерге берилген.  Жакындары анын жаназасын өзүнүн кичи мекени Токтогулга алып баруудан уялышты окшойт”- деп жазат, аталган басылма.  

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru