UWW уюму Жоламан Шаршенбековго акчалай сыйлык берди

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму жылды жыйынтыктап, мыктылар менен кошо кыргызстандык Жоламан Шаршенбековго акчалай сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу маалыматты уюм өзүнүн расмий сайтына чыгарды.

Маалыматка ылайык, дүйнөлүк уюм биринчи жолу күрөштүн эркин, кыз-келиндер жана грек-рим түрү боюнча 30 салмактагы алдыңкы үчтүккө кирген балбандарды акчалай сыйлайт. Рейтингде биринчиде турган спортчуга 10 миң доллар, экинчиге жети миң, ал эми үчүнчү саптагы атлеттерге үч миң доллар сый акы каралган. 60 килограмм салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны 54 упай топтоп, үчүнчү орунга чыккан. Бул салмакта Жоламанды Токио Олимпиадасында жана Ослодо өткөн дүйнө чемпионатында жеңген молдовалык Виктор Чобану 76 упай менен биринчини ээлеген. Ал эми Токио Олимпиадасынын чемпиону, кубалык Луис Орта Санчез (68 упай) экинчи орунга татыган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru