народный

Уят деген түрмөдөн качан чыгам?

Кудайым берген улуу белексиз мага….

Уят деген улуу түрмөгө жүрөгүмдү камап салып кансырап жүрөм. Сезимди камап, темир торго салып койгонум менен, көздөрүмдү камабай калыптырмын. Каректеримди тартып кете албай бир саамдык бакыт үчүн баладай алданып жүрөм. Көп карындаштарыңыздын бири катары акырын бетимден өөп “кандайсың?”-деп койгон жылуу сөзүңүзгө азыр мектептин окуучулары да алданбас. А мен алдандым, сиз мага тор жайбасаңыз да өзүм барып чалынып бердим. Аягы эмне менен бүтөөрүн билбеген бул байкуш сезимди кантип жыйынтыктаар экенмин…

Бүттү дейм бүтүм чыгарып, келбе дейм кыйынсынып. Бирок күтүүнүн чегинен чыгып өзүм алдастап, келбе дегеним менен өзүм буттарым тушалып, сизге жөнөйм….

Акырын жүзүмдөн өпкөндөгү атырыңыз мурдумду гана эмес, жүрөгүмдү кошуп аралап, өзүмчө эле секелек кыздай толкунданып алганымды кантейин…

Сырттан көргөндөр акылынан ажырап калганбы дешээр, шылдыңдашаар, ошолбу дешээр…

Ооба, сырты сулуу миң адамга сизди алмашпайм, себеби сиздин аялзатына жасай алчу бийик мамилеңиз, адамкерчилик улуу сапатыңыз, жайнап күлүп турган ажарыңызды жактыргам….

Болгону ошол жүрөгүм камалган түрмөдөн чыгып кетсем экен…..

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru