Узарбек Жылкыбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Аябай сүйүнүп жүрөм”

— Узарбек Казиевич,  Кара-Суудагы жаңы мектептин курулушуна капсула салыптырсыз. Мектепти ким каржылады?

  — Ош областынын Кара-Суу районуна карашттуу Жоош айыл аймагынын Маданият айылында №42 орто мектептин пайдубалын түптөө иш чарасына катышып, капсула  салдым. Жаңы мектеп  225 окуучуга ылайыкталып салынып жатат. Негизги демөөрчү Сауд өнүктүрүү фонду. Долбоордун сметалык баасы 890 800 АКШ долларын түзүп, быйыл буюрса бүтөт. Негизи долбоор боюнча  декабрга бүтүш керек эле. Бирок кечээ фондду өкүлү быйылкы окуу жылына карата пайдаланууга беребиз деп айтты.  Муну угуп аябай сүйүнүп жүрөм.

— Быйыл бул фонд жалпысынан канча мектеп салып берет, бир мектеп бүтөбү?

— Жок, буюрса жалпысынан  фонддун атынан 5 мектеп салып беребиз дешти. Кудай буюрса жаз келип, мектептерге капсула сала баштадык. Жогоруда айтып кеткенимдей дагы 4 мектепке капсула салып, ишти баштайбыз.  Кара-Суудагы мектептин капсуласын салып жатканда  эл карылар батасын берип абдан сүйүнүштү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru