Узарбек Жылкыбаев арыз жазды

700×100 kyr

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетүү тууралуу азыр жазды. Бул тууралуу ишенимдүү булактар кабарлады.

Маалыматты тактоо үчүн У.Жылкыбаев менен байланышуудан майнап чыккан жок. 46 жаштагы чиновник 2018-жылдын 18-июлунан тарта Ош облусун жетектей баштаган. Ал ага чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп турган. Айрым маалыматтарга караганда Жылкыбаев 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетүүдө.

Булак: Медиа центр

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.