Валентина Шевченко UFC рейтингинде бир сапка төмөндөдү

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун кыз-келиндер арасында мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка төмөндөдү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтына жайгаштырылды.

Маалыматка ылайык, рейтинг жакында болуп өткөн UFC 248 мелдешинин жыйынтыгында маалым болгон. Анда эң жеңил салмакта Вэйли Чжан чемпиондук курун коргоо үчүн Йоанна Еджейчик менен октаганго чыгып, аны жеңген. Муну менен Вэйли Чжан бул жеңиши менен рейтингде экинчи орунга көтөрүлүп, Шевченкону бир сапка түшүргөн.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко өтө жеңил салмактагы тизмеде сап башында турат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru