Валентина Шевченкого операция жасалды

UFC’нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченкого операция жасалды. Бул туурасында ал инстаграммдагы жеке баракчасынан түз эфирден билдирди.

“Дарыгерлер жаракат айыга турганын, бирок убакыт керектигин айтышкан. Операция жасатууга да болмок. Мен операция жасатпоону чечип, беттешти кабыл алдым. Турнирлер токтотулгандан баштап, убакыт коротпоону чечтим. Турнирлер өз убагында болсо, операция жасатмак эмесмин”, – деди Шевченко 

Ошондой эле учурда физиотерапиядан өтүп, августта октагонго кайтууну пландап жатканын кошумчалаган.

Белгилей кетсек америкалык Кэтлин Чукагянга каршы беттеште жаракат алган. Мушкер айым үчүнчү жолу чемпиондук курун коргоп калган болчу.

Шевченко Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип, бирок дарыгерлер аны 6 айга беттештерден четтеткен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru