Венадагы жардырууга ким жоопкерчилик алды?

“Ислам мамлекети” террордук тобу Австриянын борбору Венадагы жардырууга жоопкерчилик алды. Бул тууралуу РИА Новости “Рейтер” агенттигине шилтеме берип жазды.

Дүйшөмбү күнү кечинде белгисиз адамдардын тобу Австриянын борбор шаарында элге кол салып, көчөдөгүлөрдү аткылашкан. Мунун кесепетинен беш киши набыт болуп, 20 адам жаракат алган.

Кол салгандардын бири жок кылынып, 16 кишинин кармалганы айтылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru