Ветеринардык мамлекеттик инспекциясынын директору, бөлүм башчылары коррупцияга шектелип колго түшүштү

АКС УКМК Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясындагы коррупциялык схеманын бетин ачты.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

 Белгиленгендей, УКМК  сотко чейинки процесстердин алкагында, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында бодо малды жана майда жандыктарды эмдөө үчүн биологиялык продуктуларды жана вакциналарды мамлекеттик сатып алууда бюджеттик каражаттарды алып салуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы жок кылды.

 Мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери , мамлекет үчүн жагымсыз болгон келишимдерди түзүшкөндүгү аныкталды, мында негизги шарт «малдын санын жасалма көбөйтүү жана жасалма бааларды көтөрүү жолу менен көмүскө киреше алуу» болгон.  Ошол эле учурда, тышкы компаниялардын катышуу мүмкүнчүлүгүн чектеген коррупциялык схема колдонулган, бул мамлекеттик сатып алууларга көзөмөлгө алынган жана аффилирленген жабдуучуларга гана жеткиликтүүлүктү камсыз кылган, деп айтылат отчетто.

 «Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында өзгөчө ири масштабда вакциналарды жана биологиялык продуктуларды сатып алуу фактылары аныкталды, бул аларды кийинки эсептен чыгарууга, ошондой эле жарактуулук мөөнөтүн мыйзамсыз узартууга алып келди.   Бруцеллезгт каршы вакцина 31 миллион сомдук зыяндын көлөмү аныкталды» , – деп билдирди УКМК.

 Тергөөдөгү иштин алкагында Мамлекеттик инспекциянын директору Ж.К.Т., бөлүм башчысы А.М.Ж., бөлүм башчысы Р.Ч.О. жана лабораториянын башчысы Ч.С. кармалды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru