народный

ВИЧ-инфекциясын жеңүү боюнча шаардык программага 8 миллион сом бөлүндү

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда ВИЧ-инфекциясын жеңүү боюнча шаардык программа угулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасындагы Чыгыш-Батыш СПИД фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Комиссиянын төрагасы Рысбай Аматович, ошондой эле комиссиянын курамына кирген депутаттар программанын кабыл алып, программага 8 690 495 сом өлчөмүндө каржы бөлүндү. Бул акча Бишкек шаарынын ВИЧти алдын алуу, аныктоо, дарылоо жана кам көрүү программаларына шаардык бюджеттин биринчи салымы болот. Эгер бул каражатка уруксат берилсе, шаардык саламаттыкты сактоо департаменти шаардын базарларында ВИЧке тест жүргүзүү жана кургак учукту текшерүү жарандардын коргонуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртат

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru