Вице-премьер-министр Райымбек Матраимовго санкция боюнча комментарий берди

Бажы төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов тарабынан мыйзам бузуу фактылары бар жарандар укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов маалымат жыйынында билдирди. Мамыткановдун айтымында, тергөө менен келишим түзүүгө мыйзам жол берет жана тергөөчүлөргө өзүн кандай алып жүрүү керектигин айтуу мүмкүн эмес. «Райымбек Матраимовго карата тергөө иштери жүрүп жатат. Эгерде адамдарда укук бузуунун башка фактылары жөнүндө маалымат болсо, алар укук коргоо органдарына кайрылышса болот. Коомго билдирүү жөнөтүшүбүз керек, даражасына карабастан, кандай гана адам болбосун текшерилет жана бардык фактылар каралат. Биз укук коргоо органдарынын кызматкерлерине бирөөнүн артын карабай, өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барууга мүмкүнчүлүк беребиз. Ар бир тергөөчү, прокурор жана сот өз алдынча чечим чыгарышы керек », – деди Максат Мамытканов. Матраимов тергөө менен келишим түзүүгө макул болуп, бюджетке 2 миллиард сом төлөп берүүгө даяр экендигин билдирген. Сот Райымбек Матраимовду кетпөө тил каты менен бошотту.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru