Вице-президенттин кызматын негиздөө сунушталды

Кыргызстанда вице-президент институтун киргизүү боюнча конституциялык жыйында Борбор Азиядагы Америка университетинин доценти Сыргак Кадыралиев сунуш киргизди. Анын айтымында, регионалдык маселе өлкөнүн Негизги Мыйзамында эске алынышы керек. «Америкада түштүк жана түндүк маселеси дагы болгон, ошондуктан вице-президент институту иштеп турган. Бул бизге дагы жардам бермек”, – дейт Сыргак Кадыралиев. Жыйындын айрым мүчөлөрү аны менен макул болбой, мыйзамдык негиздерге көңүл бурууга үндөштү.

Белгилей кетсек, буга чейин Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам демилгеленген. Парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга коюлду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.