Вице-спикер Мирлан Бакиров ак үйдүн дарбазасынын алынуусу боюнча терс пикирин айтты

Бул тууралуу саясатчы “коом press” сайтына билдирди:

“Кыргызда бүтүн нерсени бүлүндүрбө деген жакшы сөз бар. Ак үйдүн тосмолорун алып салганда эле жашоо өзгөрүп укмуш болуп кетпейт. Кептин баары башкаруучу адамдарда, системада. Эми ошончо эле элге жакын болгусу келип атышса, дарбазаларын ачып коюшсун. Мен ошону сунуш кылат элем. Архитектуралык кооздугу бар, шаардын көркүнө көрк кошуп турган дарбазалардын тура бергени деле жакшы. Анын алынышы же коюлганы эч кандай саясатка таасир этпейт”-дейт ал.

Эскерте кетсек, ЖКнын Төрагасынын чечими менен ак үйдүн тосмолору бүгүн алынып салынды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru