Видео\ Баткендиктер Бишкекте да митингке чыгып, тажиктер өчөшүп атат дешти

Бүгүн, 22-февраль Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн алдына жергиликтүү тургундар топтолуп, Тажикстан тарапта кармалып жаткан 5 жаранды куткаруу үчүн жардам сурашкан.

Алар, кармалган жарандар айыпсыз кармалган деген жүйө айтышат.

Аларды коштоп Бишкек шаарынанда кармалган жарандардын туугандары, активисттер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдына топтолуп, тажиктер кармап олтурган жарандарды бошотууну сурашты.
Митингке келгендердин бири, бул Тажикстан тарап өчөшүп, айыпсыз жарандарды кармап олтурат дешет.
Маалыматка ылайык Өмүрбек Суваналиев Баткен облусуна жетекчи болуп барганы тартип күчөгөн жана бир канча тажик жарандары аткезчилике айыпталып кармалган.
Тажик тарап ага жооп иретинде Кыргызстандын 5 жаранын, “Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз мал алып өтүүдө”- деп кармашкан жана 300 миң сом айып пул салган.
УКМКнын алдына топтолгон жарандар, “Бул саясий оюндан карапайым эл жапа чекпеш керек. Айыпсыз тургундарды бошоткула!”-деп талап коюшту.
Өкмөт бугүн эки тараптуу жолугушуу болоорун айткан. Азырынча жооп келе элек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.