Владимир Жириновский жыйынтыктоочу курултайга үч ат сүйрөгөн арабада келди

Орусиянын саясатчысы Владимир Жириновский Либерал-демократиялык партиянын шайлоо алдындагы жыйынтыктоочу курултайына үч ат сүйрөгөн арабада келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Маалыматка ылайык, Жириновский активисттерден желекти желбиретүүнү токтотууну талап кылган. Анткени аттар бул аракеттерден корко баштаган.

Орусияда мамлекеттик Думага шайлоо 17-19-сентябрда өтөт. Бул жылы орустар дагы бир катар региондордун башчыларын, аймактык парламенттердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн шайлашат. Жалпысынан бардык 85 региондо 4,4 миңден ашуун шайлоо өнөктүгү өтөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru